Ош-Бишкек каттамында авиа билеттер арзандайт

16-Янв. 2018, Шейшемби, 10:48

Кыргыз өкмөтү менен түзүлгөн келишимдер боюнча «AirManas», «Avia Traffic Company» жана «TezJet» авиакомпаниялары «Бишкек-Ош-Бишкек» багыты боюнча билеттердин наркын төмөндөтүү тууралуу чечим кабыл алышты.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан аба-ырайынын кескин өзгөрүшү боюнча шашылыш билдирүү жарыяланса, «Бишкек-Ош-Бишкек» каттамынын бир тарабына карай авиабилеттердин 2700 сомдук наркы кадимки баалардан 27%га төмөн сатылат. Мындай учурларда Төө-Ашууда жана «Бишкек-Ош» унаа жолунун башка катаал участкаларында транспортко чектөө киргизилет. Тийиштүү түрдө, бул мезгилде жарандар жеңилдетилген шарттарда транспорттун альтернативдүү түрү катары авиакомпаниялардын тейлөөсүнөн пайдалана алышат. Аба-ырайынын өзгөрүүсү боюнча шашылыш билдирүү алынып салынган соң, авиабилеттер баалардын бекитилген прейскурантына ылайык ишке аша баштайт.

Белгилей кетсек, 11-январда, премьер-министр Сапар Исаков Транспорт жана жолдор министрлигине атамекендик авиакомпаниялар менен биргеликте кышкысын ички авиакаттамдарга карата бааны төмөндөтүү маселесин иштеп чыгууну тапшырган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!