Жалал-Абадда жол кырсыктарынын саны өскөн

16-Янв. 2018, Шейшемби, 11:02

Жалал-Абад шаарында өткөн жылы автожол кырсыктарынын саны 2016-жылга салыштырмалуу 12,9 пайызга өстү. Башкача айтканда, 2016-жылы жол кырсыктарынын саны 81 болсо, өткөн жылы алардын саны 93кө жеткен. Бул тууралу Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн жол кыймылынын коопсуздугунун камсыздоо кызматынын (ЖККК) башчысы Тыныбек Рахманов билдирди.

Деген менен, каза болгондордун саны өзгөргөн эмес, 2 жылда тең жол кырсыктарынан 5тен адам набыт болгон. Бирок, өткөн жылы мурдагы жылга салыштырмалуу жарат алгандар саны 17ге көп.

Ошондой эле жыл ичинде жаш өспүрүмдөрдүн катышуусу менен 24 жол кырсыгы катталып, набыт болгондор жок, бирок 24 өспүрүм денесинен жарат алган, бул мурдагы жылга салыштырмалуу 6га аз. Деген менен, бадардын катышуусундагы жол кырсыктарынын саны 7 пайызга кыскарган же 2016-жылы бул көрсөткүч 30 болсо, өткөн жылы 23 болду. Набыт бобгондор саны да 1ге азайды.

"Кырсыктардын негизги себеби болуп шаардагы жолдордун тардыгы жана транспорт каражаттарынын санынын улам көбөйүп жатканы эсептелет. Ошондой эле патрулдук милиция кызматкерлеринин штаттык курамынын жетишсиздиги да рол ойноодо, себеби бардык эле жерде көзөмөл жүргүзүү кыйын болуп жатат", - дейт Т. Рахманов.

Эми жыл башынан баштап жол кырсыктарынын санын кыскартуу максатында бир гана айдоочуларга эмес, жөө жүргүнчүлөр менен да иштөөнү күчөтүп, жол эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлу жатат. Айдоочулукка окутуп жаткан жайлар менен да келишимдер түзүлүп, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу процессине жол кыймылынын коопсуздугунун камсыздоо бөлүмүнүн адистери да катыша турган болду.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарынын аймагында ЖККК кызматкерлери тарабынан тейленген жалпы автожолдор 164 чакырымды түзөт. Ал эми патрулдук милиция кызматкерлеринин штаттык бирдиги жалпысынан 9 болсо, алардын төртөө аппарат кызматкерлери, ал эми 5 кызматкер жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөп келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!