Муктаж үй-бүлөлөргө көмүр таратылды

16-Янв. 2018, Шейшемби, 14:14

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында “Итар” кайрымдуулук фонду жана “Жаркын жаштар келечеги” уюму тарабынан 14-январда Балыкчы шаардык хатибияты менен биргеликте кайрымдуулук ишин өткөрүп, 5 балага жаны кийим-кечелер берилсе, 15 үй-бүлөгө көмүр таратылган. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматынан билдиришти.

Ал эми Балыкчы шаарынын баш имам хатиби Чойбек ажы Исакуновдун айтымында, шаардык хатибият “Итар” кайрымдуулук фонду жана “Жаркын жаштар келечеги” уюму менен биргеликте кайрымдуулук иштерин ар дайым уюштуруп келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!