​Ак кууну көрсөң атпагын!

17-Янв. 2018, Шаршемби, 16:33

15-январда Ысык-Көл облусунда ак кууну аткан жаран кармалды. Бул тууралуу «Бугу Эне» фондунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусундагы жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо департаментинин кызматкерлери көңүл ачуу үчүн ак кууну атып жаткан жаранды колго түшүрүшкөн.

«Ак куу алган жараатынан улам өлүп калды. Ал кызыл китепке киргизилген. Аңчы жазасын алыш керек»,-деди фонддон.

Ал эми Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция аңчы жазага тартылараан билдиришти.

«Учурда кызыл китепке кирген ак кууну аткандарга карата чара, Айлана чөйрөнү коргоо адистер тарабынан чара көрүлүүдө. Бул багытта Инспекция тарабынан сөзсүз түрдө иликтенет. Жаратылышка зыян келтиргендер Мамэкотехинспекция тарабынан жаза алат»,-деп билдиришти экотехинпсекциядан.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!