Исаков: “Ош башка шаарларга үлгү болууда”

18-Янв. 2018, Бейшемби, 10:13

Премьер-министр Сапар Исаков Ош шаарын өнүктүрүүнүн келечектүү пландарын талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, кеңешме министрлик жана ведомство жетекчилеринин катышуусунда аймактардын көйгөйүн ыкчам чечүү боюнча үзгүлтүксүз жолугушуулардын алкагында өткөрүлгөн.

Өкмөт башчы белгилегендей, президенттин 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө жарлыгына ылайык, тийиштүү мамлекеттик органдар жергиликтүү бийлик менен биргеликте өлкөнүн айыл, район, шаар жана облустарынын экономикасын өнүктүрүү жана инфраструктурасын жакшыртуу боюнча натыйжалуу чараларды кабыл алуусу керек эле.

Сапар Исаковдун айтымында, буга байланыштуу республикалык маанидеги шаар эсептелген Ош шаарына өзгөчө көңүл бурулушу керек. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев аймактык дүң продуктунун түзүмү, тартылган инвестициялар көлөмү, 2017-жыл үчүн жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана шаардын өнөр жай, курулуш, билим берүү жана саламаттык сактоо трамагындагы негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле Айтмамат Кадырбаев «Жаңы доорго кырк кадам» өкмөттүк программасынын жана «Таза Коом – Жаңы доор» 2040-жылга чейинки Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын алкагында Ош шаарында ишке ашыруу пландаштырылып жаткан иш-чаралар тууралуу айтып берди.

Буга катар ал Ош шаарындагы ички жолдорду куруу жана реконструкциялоо, Ош шаардык ЖЭБин жана токтоп турган өндүрүштүк ишканаларды модернизациялоо, санитардык абалды жакшыртуу, социалдык объектилердин бүткөрүлбөгөн имараттарын аяктоо, шаардыктардын ичүүчү таза сууга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн дамба курууга жана Ош шаарынын ирригациялык объектилерин реконструкциялоого байланыштуу маселелерге кенен токтолду.

Премьер-министр Ош шаарынын мэриясынын жетекчилиги аз убакытта түштүк калааны көрктөндүрүү жана инфраструктурасын жакшыртууда көрүнүктүү жыйынтыктарга жетишкендигин баса белгиледи.

«Бүгүнкү күндө Ош шаары республиканын башка шаарларына үлгү боло алат. Түштүк калаада жумушчу сапарда болуп, жергиликтүү тургундар менен жолугууда шаардыктардын жашоо ишмердүүлүгүндө позитивдүү өзгөрүүлөр болуп жаткандыгы байкалып турат. Алардын жыргалчылыгын арттыруу боюнча мындан ары дагы иштер улантылышы керек», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Өкмөт башчы кеңешменин жыйынтыгында тийиштүү мамлекеттик органдарга ыкчам тартипте белгиленген маселелер боюнча зарыл чараларды кабыл алуу, анын ичинде донордук жардамды тартуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгуу тапшырмаларын берди.

Мындан тышкары, Ош шаарынын келечектүү пландарын ишке ашыруу боюнча деталдуу иш-чаралар планын иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!