Уктап жаткан аялды коркуткандар кармалды

18-Янв. 2018, Бейшемби, 10:26

Жалал-Абаддагы Сузак районунда 47 жаштагы аялдын үйүнө тоноп, коркутушкан. Кийин каракчылар кармалышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-январь түнү саат 02.00 чамасында азиат улутундагы болжол менен 18-20 жаштагы белгисиз 4 кылмышкерлер беттерине кара түстөгү шапка бет кап кийишип, Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагына караштуу Гулистан айылындагы 47 жаштагы аялдын үйүнө уктап жаткан бөлмөсүнө киришип, үй ээси болгон аялдын башына тапанчасын такап, колун, бутун, жана оозун скотч менен байлашып, “акчаӊды жана алтындарыӊды бер” - дешип, тагынып турган алтын шакегин, алтын сөйкөсүн жана сумкасынан 1000 сомдук акчасын алышып, окуя болгон жерден издерин жашырып качып кетишкен.

Аталган даректе чоӊ үйүндө уктап жатышкан келини жана анын кичинекей балдары уктап жатып эч нерсе билишпеген.

Ал эми үй ээси (жабырлануучу айым) өз билдирүүсүндө: Кылмышкерлердин колундагы тапанча оюнчук тапанча экендигин байкаган жана чоӊ үйүндө жаткан балдарына тийишпесин деп суранып, өзү сумкасынан акчасын алып берип, сураган алтын шакек менен сөйкөсүн чечип бергендигин билдирген.

Окуя болгон жерге Жалал-Абад ОИИБнын жана Сузак РИИБнүн тергөө-ыкчам тобу жана жооптуу жетекчилер, Жалал-Абад ОИИБнын Кинология Борборунун кызматкерлери кызматтык иттери менен чыгышып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүшкөн.

Аталган факты боюнча КРнын КЖКнин 168-бер. (Каракчылык) 4-бөл менен кылмыш иши козголгон.

Бул өзгөчө оор кылмыштын бетин ачуу максатында Жалал-Абад ОИИБнын жана Сузак РИИБнун Криминалдык милиция кызматынын тажрыйбалуу кызматкерлеринен турган ыкчам топ түзүлүп, бул кылмышты кимдер жасашы мүмкүн деп 3 (үч) божомол (версия) иштелип чыгып, жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында мурда соттолбогон Жалал-Абад жана Сузак районунун 4 жараны кармалды.

Тактап айтканда:
- Сузак районунун Таш-Булак айыл округунун Айымарал айылынын тургуну, үй-бүлөлүү, эч жерде иштебеген, S ---- AG мамлекеттик номердеги Мицубиси-Кольт автомашинанын ээси 1977-жылы туулган А.Ш.
- Сузак районунун Таш-Булак айыл округунун Жаны-Чек айылынын тургуну, билими орто, үй-бүлөлүү, 1994-жылы туулган С.М.
- Сузак районунун Ырыс айыл округунун Лавдан-Кара айылынын тургуну, бойдок, эч жерде иштебеген, билими орто 1999-жылы туулган Р уулу О.
- Жалал-Абад шаарынын Дача участкасынын жашоочусу, үй-бүлөлүү, билими орто, 1992-жылы туулган А.С. кармалып тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!