Жээнбеков Мирзиёевге көңүл айтты

19-Янв. 2018, Жума, 12:11

Президент Сооронбай Жээнбеков күн мурун Казакстандын Актөбе облусундагы 52 кишинин өмүрүн алган трагедиялуу окуяга байланыштуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге көңүл айтты.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

“Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана өз атымдан Казакстан Республикасынын Актөбе облусундагы трагедиялуу окуянын кесепетинен Өзбекстандын жарандары каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, колдоо көрсөткөн сөздөрүмдү, жабыркагандар тез арада сакайып кетишин кааларымды жеткирип коюңузду өтүнөм. Орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөбүз”,-деп белгиленет мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында.

Эскерте кетсек, кечээ, 18-январда Россияга жол тарткан автобус жүрүп бараткан учурда өрттөнүп, 52 киши набыт кеткен. Автобуста жалпы эки айдоочу менен 57 киши болгон. Маалыматка ылайык, каза болгондордун баары Өзбекстандын жарандары, мигранттар экени такталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!