Бюджеттен айлык албагандарга да ипотека берилет

19-Янв. 2018, Жума, 12:23

Быйылкы жылдан тарта бардык бюджеттик кызматкерлерге 7 пайыздык чен менен ипотекалык насыялар бериле баштайт. Ал эми бюжеттен айлык албаган жарандарга 12-14 жылдык пайыз менен насыя берүү каралууда. Бул тууралуу мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеев жана каржы министри Адылбек Касымалиев президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуусунда маалым болду.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууда президент бюджеттик эмес тармакта иштегендерге да ипотекага турак жай алуу үчүн насыяларды берүү милдетин койду.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеев билдиргендей, ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруунун эсебинен бюджеттен айлык албаган жарандарга 12-14 жылдык пайыз менен насыя берүүгө ресурстар пайда болот.

Кыргызстанда ипотекалык насыя берүү өнөктүгү 2016-жылы башталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!