Эгемберди Эрматовду эскерүү кечеси болот

19-Янв. 2018, Жума, 14:39

Кыргыз эл акыны, драматург, котормочу, публицист Эгемберди Эрматовду эскерүү кечеси болот. Бул тууралуу Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынан билдиришти.

Иш-чара тил комиссиясы, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Мамлекеттик кадр кызматы, Улуттук жазуучулар союзу жана Эгемберди Эрматов коомдук фонду тарабынан уюштурулуп жатат.

Э.Эрматовдун дүйнөдөн өткөнүнө мына толук бир жыл болду. Акындын өрнөктүү өмүрүнө кайрадан кайрылып, эскерүүнү эп көрдүк. Эскерүү кеченин расмий бөлүгүнөн кийин Э.Эрматовдун обондуу ырлары тартууланат.

Аткаруучулар: А.Өзүбеков, А.Карыбаев, Ч.Алсеитова, А.Кулбаева, М.Давлатов, Азиз Батыров, “Акмарал” бий ансамбли, “Камбаркан” ансамбли. ж.б.

“Нурборбор”чыгармачылык академиясынын талантттары, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайынын Т. Жумагазиев жетектеген студенттери акындын ырларынан көркөм окушат.

Кече Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын чоң залында 25-январь күнү саат 11:00 дө башталат. Кирүү акысыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!