​"Дүйнө Айтматовду окуйт" аттуу акция өтүүдө

20-Янв. 2018, Ишемби, 11:29

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата "Дүйнө Айтматовду окуйт" аттуу акциясы өтүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Акцияга окуучулар, студенттер анын ичинде чет жакта билим алып жаткан кыргызстандыктар катышып жатат.

“Алар Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү окуп, аны видеого жаздырып соцтүйүндөгү баракчаларына жүктөп жатышат. Ал эми чет өлкөдө билим алып жүргөн кыргызстандыктарга жашап жаткан өлкөсүнүн тилинде үзүндү окуп жатат”,-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, акцияга катышууну каалагандар видео аркылуу өзүн жана билим алып жаткан өлкөсүн тааныштырышы керек. Кийин үзүндү окуп #Aitmatov#educationkg хештег менен соцтүйүнгө жүктөшү шарт. Видеонун узактыгы 2 мүнөттөн ашпоосу зарыл.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!