Депутат абаны кантип тазартууга болоорун айтты

22-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 12:40

Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештеги агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети өлкөдө ЕАЭБ талаптарына ылайык экологиялык таза мунайга өтүү маселесин карап жаткан учурда депутат Асылбек Жээнбеков таза бензинге өтүү менен Бишкектеги негизги түтүн маселесин чечүүгө болорун айтты

Анын айтымына караганда, абаны таза кармоо үчүн күйүүчү майдын сапатын жакшыртуу керек. Бирок, техникалык кароо менен маселе чечилбейт.

“Бишкекте мындан төрт эсе унаалар аз кезде деле биз аны көзөмөлгө ала алган эмеспиз. Анда бир да унаа техникалык кароодон өткөн эмес, баары эле коррупциялык жол менен өтүп келген. Ошондуктан бензинди ЕАЭБдин стандартына өткөрүү жолу менен түтүн маселесин чечсек болот”,- дейт Асылбек Жээнбеков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!