Автордук сый акы 14 пайызга көтөрүлүшү күтүлүүдө

22-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 12:57

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында (Кыргызпатент) Авторлор кеңешинин жана Чектеш укуктар ээлеринин кеңешинин отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызпатенттен билдиришти.

Авторлор кеңешинин жана Чектеш укуктар ээлеринин кеңешинин президиумдарынын курамына көрүнүктүү авторлор, композиторлор, аткаруучулар, телерадиокомпаниялардын, фонограмма чыгаруучулардын өкүлдөрү жана Кыргазпатенттин кызматкерлери кирген.

Отурумдун жүрүшүндө Кыргызпатенттин адистери 2017-жылы автордук жана чектеш укуктар чөйрөсүндө аткарган иштери жөнүндө маалымат берди. Отчеттук мезгил ичинде 9 133 468 сом автордук сый акы чогултулду, автордук жана чектеш укуктар объектилерин колдонуучулар менен 286 лицензиялык келишим түзүлдү, дебитордук бересе 11,6 % төмөндөтүлдү.

Ошону менен бирге ээлери сурап албаган автордук сый акылар жөнүндө Кыргызпатенттин маалыматы угулду. Бүгүнкү күндө үч жылдык мөөнөтү өткөн ээлери сурап албаган автордук сый акылардын көлөмү 646 793 сомду түзөт.

Айта кетчүү нерсе, буга чейин кошумчаланган нарк салымы чогултулган автордук сый акынын суммасынан кармап калынчу, Кыргызпатенттин мамлекеттик бюджетке өткөндүгүнө байланыштуу кошумчаланган нарк салымы кармалбайт. Ушуга байланыштуу автордук сый акы 14 % көтөрүлүшү күтүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!