Мэрия "Акылдуу шаар" долбооруна акча чогулткан эмес

23-Янв. 2018, Шейшемби, 12:48

Жакында эле айрым жалпыга маалымат каражаттарында шаардын кайсы бир көчөсүндө видеокөзөмөл камерасын орнотуу үчүн ай сайын 25 сом өлчөмүндөгү абоненттик төлөмдү чогултуу жөнүндө жарыя илингендиги тууралуу маалымат чыккан.

Буга байланыштуу, Бишкек шаарынын мэриясы «Акылдуу шаар» долбоорунун алкагында эч кандай акча чогултуулар каралбагандыгын жана жүргүзүлбөгөндүгүн билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!