​Бабановдун ордуна Абдыбек Дүйшалиев депутат болот

24-Янв. 2018, Шаршемби, 11:09

19-январда Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыраткан Өмүрбек Бабановдун ордуна “Республика-Ата Журт” партиясынын тизмеси боюнча Абдыбек Дүйшалиев депутат болот. Бул тууралуу БШКнын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган партиянын тизмеси боюнча Абдыбек Дүйшалиев 73-орунда болчу.

56 жаштагы Дүйшалиев буга чейин Автотранспортторду каттоо департаментинин директору болуп иштеген.

Эскерте кетсек, 4-ноябрда Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабановго карата Кылмыш жаза кодексинин конституциялык түзүмдү күч менен басып алууга чакырык жасоо жана улуттар аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Иштин козголушуна Өмүрбек Бабанов ушул жылдын 28-сентябрында президенттик шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүндө Ош шаарындагы мурдагы “Он-Адыр” азыркы “Амир Тимур” кичи районунун жашоочулары менен жолукканда сүйлөгөн сөзү негиз болгон.

Ал эми 30-декабрда Өмүрбек Бабанов депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан кеткендигин жарыялаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!