Суукка карата телефонограмма жөнөтүлдү

24-Янв. 2018, Шаршемби, 13:00

Билим берүү жана илим министрлиги аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине абанын температурасынын кескин төмөндөшүнө байланыштуу балдардын ден соолугун көзөмөлдөөнү күчөтүү тууралуу телефонограмма жөнөттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бардык шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына, ошондой эле Бишкек жана Ош билим берүү башкармалыктарынын жетекчилерине билим берүү мекемелеринде күн сайын абанын температурасын өлчөөгө жана жергиликтүү бийлик органдарына, министрликке, ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин аймактык бөлүмдөрүн маалымдоого буйрук берилди.

Ведомство белгилегендей, санитардык-эпидемиологиялык департаменттен тиешелүү жазма буйрук алганда Министрлик тарабынан окуу процесин убактылуу токтотуу тууралуу чечим кабыл алынат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!