Бишкек-Доха авиа каттамын ачуу күтүлүүдө

24-Янв. 2018, Шаршемби, 13:03

Жогорку Кеңешинин депутаты, Араб өлкөлөрү менен болгон парламенттик достук топтун жетекчиси Төрөбай Зулпукаров Катар мамлекетинин Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Мохамед бин Арар Аль-Наими менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Катар элчиси Мохамед Аль-Наими депутат Төрөбай Зулпукаровго жаңырган жылдагы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалоо менен анын эки мамлекеттин ортосундагы мамилелелердин бекемделишине кошкон зор салымын баса белгиледи.

Мындан сырткары, элчи Бишкек-Доха авиа каттамын ачуу жаатында иш-аракеттер болуп жатканын, бул иш жүзүнө ашса анда эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүгө жана туризм тармагына жакшы таасирин бере тургандыгын айтты.

Өз кезегинде депутат Төрөбай Зулпукаров Кыргызстан менен Катардын ортосундагы кызматташуу мамилелери өнүгүү жолунда бара жаткандыгына токтолду. Мындай өз ара алаканы мындан ары дагы өнүктүрүүгө кыргыз тарап кызыкдар экенин айткан Төрөбай Зулпукаров, Бишкек-Доха авиакаттамынын ачылышы менен күтүлүүчү натыйжалар боюнча маектешинин пикирин толук кубаттады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!