Атамбаев ИИМ башчысын кабыл алды

10-Март 2017, Жума

Бүгүн, 10-мартта Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда министр өлкө башчыга укук коргоо органын реформалоо алкагында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал кылмыштуулуктун алдын алуу жана бөгөт коюу, жарандардын милицияга болгон ишенимин көтөрүүгө багытталган.

Министр ошондой эле президентке, айрыкча өтө тыгындуу жол тилкелеринде кыймыл коопсуздугун арттыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди.

Өз кезегинде Президент укук коргоо органдарынын реформасын натыйжалуу ишке ашыруу зарылдыгына токтолду. Мамлекет башчысынын айтымында, укук коргоо органдары өлкөнүн, анын экономикасынын жана коомдун өнүгүү деӊгээлине төп келип, өзүнө тагылган милдеттерди кынтыксыз аткарууга жана жарандардын талаптарына жооп берүүгө тийиш.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!