Төрага тарыхый драманын бет ачаарына барды

24-Янв. 2018, Шаршемби, 15:32

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков 23-январда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрында коюлган “Керээз” тарыхый драмасынын премьерасына барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Төрага бул спектаклде 19-кылымдагы белгилүү коомдук-саясий ишмер Боромбай бийдин тагдыры жана ошол учурдагы кыргыздардын жашоо-турмушу жогорку чеберчилик менен чагылдырылганын белгиледи.

“Бүгүнкү премьерада өнөр адамдары бизди мындан 100-150-жыл мурдагы тарыхыбызга алып барып келгендей эле болду. Кыргыз элинин бүгүнкү эгемендикке жетиши үчүн кандай татаал жолду басып өткөнүн дагы бир жолу эске салды. Ата-бабаларыбыз бүгүнкүдөй өз алдынча мамлекет болушубузду эңсеп, ал үчүн талыкпай күрөшкөнүн көрсөтө алды”, - деди Төрага.

Ошону менен бирге ал драманы койгон жаш драматург, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кайрат Иманалиевге, мезгилсиз дүйнөдөн кайткан актер жана режиссер Марат Козукеевдин жакындарына, театрдын чыгармачыл жамаатына терең ыраазылыгын билдирди.

“Керээз” тарыхый драмасы Боромбай бийди XIX кылымдын ортосундагы кыйчалыш учурдан жол табууга аракет кылган эл башчысы катары мүнөздөйт. Кыргыз уруулары менен хандары өз-ара тирешип, ошол эле учурда Кокон хандыгы, Цинь жана Орус империяларынын кысымында калганын көргөзөт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!