​Бишкек шаардык сотунун судьялары дайындалды

24-Янв. 2018, Шаршемби, 16:18

Сотторду тандоо кеңеши президент Сооронбай Жээнбековдун атына Бишкек шаардык сотунун судьялык кызматына дайындоо үчүн 4 талапкерди сунуштаган. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, 17-январда мамлекет башчысы ал талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөргөн. Аңгемелешүүнүн жыйынтыктары, кошумча берилген материалдар менен таанышып чыгып, президент 3 соттун талапкерлигин жактырган.

Жарлыкка ылайык, Жумагүл Албанова, Азамат Алыбаев жана Ирина Горшковская жергиликтүү соттордун судьяларынын кызматына дайындалды.

Ошондой эле дагы бир жарлыкка ылайык, ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Бишкек шаардык сотунун 8 судьясынын ыйгарым укуктары 17-январдан тартып токтотулду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!