Быйыл 150 айылда таза суу маселеси чечилет

25-Янв. 2018, Бейшемби, 11:21

Өткөн жылдары Кыргызстандын 16 шаарында жашаган тургундары таза суу менен камсыз кылуу максатында 135,6 млн евро көлөмүндө инвестиция тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-янвада Жогорку Кеӊеште калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу жөнүндө маалымат угулуп жатканда вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев билдирди

Вице-премьер-министр айтымына караганда, өлкө аймагындагы 650 калктуу конушта таза суу көйгөйү бар. Быйыл 150 айылдын суу маселеси чечилүү алдында турат.

«Калкты таза суу менен камсыз кылуу долбоорлоруна тышкы инвестицияларды тартуудан тышкары, республикалык бюджеттен да каражат каралууда. Бул багытка быйыл 250 млн сом каралууда», - дейт Кенекеев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!