​Катуу суукта мамлекеттик иштер токтотулабы?

25-Янв. 2018, Бейшемби, 14:58

Бийик тоолуу райондордо абанын температурасы -30 градустан жогору болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда “Zaman Кыргызстан” маалымат агенттигине Гидрометеорология агенттигинин жетекчисинин орун басары Рыскелди Асанкожоев билдирди.

Анын айтымына караганда, учурда өлкө аймагында аба ырайы суук болгону менен мамлекеттик иштерди убактылуу токтото тургандай коркунуч боло элек.

“Биздин тоолуу райондордо абанын температурасы -30 градустан жогору болуп жатат. Өрөөндөрдө болсо -30 градуска жете элек. Эгерде бийик тоолуу райондордо абдан эле суук аба ырайы боло туррган болсо, анда биз эскертебиз. Абанын температурасы атайын нормадан төмөндөсө анда мамлекеттик иштер убактылуу токтотулушу же 3-4 саат иш убактысы кыркартылышы мүмкүн. Муну өкмөт, тиешелүү министрлик чечет. Бирок, бизде андай кадамга бара тургандай суук аба ырайы болот деген коркунуч жок”,- дейт Асанкожоев.

Эскерте кетсек, катуу сууктан улам 26-январдан тарта Кыргызстандагы мектептерде окуу процесси токтотуларын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Ал эми эртең, 26-январда өлкө аймагында абанын температурасы кескин төмөндөп, айрым аймактарда -30 градуска чейин суук болору күтүлүүдө. 27-29-январда абанын температурасы мындан да төмөндөп, абанын температурасы -45 градуска чейин жетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!