Мыйзамсыз курулган мончо буздурулду

25-Янв. 2018, Бейшемби, 15:06

Ош облусунун Өзгөн шаарында мыйзамсыз курулган мончо буздурулду. Бул тууралуу Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалымат кызматынан билдиришти.

Мамэкотехинспекциянын Өзгөн шаары боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан, Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан “Кундуз” аттуу мончосун текшерүүгө алганда, эч кандай уруксаат кагаздары жок, май куюу жайына жакын, мыйзамсыз курулгандыгы аныкталды.

Аталган мончо май куючу жайга жакын курулуп, экологиялык жана техникалык коопсуздук талаптары такыр сакталган эмес. Бир нече ирээт жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин негизинде, курулуштун ээлери инспекторлор койгон талапты аткарышты. Адистердин айтымында, тез арада мончону буздуруу иштери жүрбөгөндө, түрдүү кырсыктар катталып кетүүсү мүмкүн эле.

Бүгүнкү күндө Мамэкотехинспекциянын коопсуздукту камсыз кылуу максатында берген көрсөтмөлөрүнүн негизинде “Кундуз” мончосу толугу менен буздурулду.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!