Эгемберди Эрматовду эскерүү кечеси болду

25-Янв. 2018, Бейшемби, 15:16

Бүгүн, 25-январда Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргыз эл акыны, белгилүү коомдук-саясий ишмер Эгемберди Эрматовду эскерүү иш-чарасына катышты.

Акындын адабияттагы орду жана артында калтырган руханий бай мурасы тууралуу кеп салган Төрага Дастанбек Жумабеков: “Маркум агабыз бүткүл өмүрүн кыргыз руханий казынасын байытууга арнады. Керемет чыгармалары менен адабиятыбыздын алпына айлана алды. Акын, драматург, котормочу жана журналист катары баарыбызды мекенчилдикке, адамдык асыл сапаттарды аздектөөгө чакырган чыгармаларды жаратып, эне тилибиз – кыргыз тили үчүн опол тоодой эмгек жасады”, – деди.

Ошондой эле, 2010-жылы Жогорку Кеңешке депутат катары шайланып келип, журт көйгөйүн көп көтөргөн көсөм эл өкүлү катары да тааныла алганына токтолгон Дастанбек Жумабеков: “Ошол учурдагы оор кырдаалга карабай, дайыма эл тарабында болуп, парламенттик-демократиялык өнүгүү жолун тандап алган өлкөбүзгө керектүү демилгелердин башында турду. Айрыкча мен анын талыкпай изденүүчүлүк касиетине, адамдык бийик сапатына жана атагын татыктуу көтөрө алган жөнөкөйлүгүнө көп күбө болдум”,-деп кошумчалады.

“Эгемберди Эрматов арабызда жок болсо да, эл эсинде жашай берет”-деген Жогорку Кеңеш Төрагасы, өмүрүнөн үлгү алып, өнөрүнөн азыктанган шакирттери жана замандаштары асыл инсанды түбөлүккө унутпай тургандыгын белгиледи.

Эске салсак, Кыргыз эл акыны, драматург, коомдук ишмер Эгемберди Эрматов өткөн жылдын 24-январында 66 жашында каза болгон. Ал “Ак дил”, “Шаар жана тоолук”, “Өмүр издери”, “Туяктын ыры”, “Саймалуу таш”, “Махабат”, “Исфайрам авазы” аттуу ыр китептеринин, “Мухаммед пайгамбар” дастанынын жана “Аксаткын менен Кулмырза” драмасынын автору. Өмүрүнүн акыркы жылдары Эгемберди Эрматов Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы болуп эмгектенген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!