Экотехинспекция жыл жыйынтыгын чыгарды

27-Янв. 2018, Ишемби, 11:48

26-январда Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиясы болуп өттү. Бул тууралуу инспекциянын маалымат кызматынан билдиришти.

Ага, вице-премьер министри Аскарбек Шадиев, Мамэкотехинспекциянын директору Канатбек Муратбеков Инспекциянын баардык башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Коллегиянын жүрүшүндө Мамэкотехинспекциянын Экологиялык жана техникалык багытындагы аткарылган иш-аракеттери, кемчиликтери жана сунуштар каралды. Кыргызстан боюнча 15 багыттагы коопсуздукту Мамэкотехинспекция көзөмөлдөйт. Алардын арасынан эң эле көйгөй жаратып келген багытына суу ресурстары, жер маселеси, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү, атмосферанын абалы, өндүрүш коопсуздугу, энергетика багыты, өрт коопсуздугу ошондой эле курулуш тармагы кирет.

Жыйында Кыргызстандагы суу маселесин, тагыраак айтканда аймактардагы таза суу долбоорлорундагы көйгөйлөрдү дыкаттык менен көзөмөлдөө тапшырылды. Ал эми жарандар тарабынан жер тилкелерин жана жайыт жерлерди сарамжалдуу, максаттуу пайдалануусун текшерип, жарандардын жерге байланыштуу маселелерин мыйзамга ылайык камсыздоо керектиги кошумчаланды.

Андан сырткары, ар багыттагы көзөмөлдөнүп жаткан иштер чоң натыйжа бериши үчүн, Мамэкотехинспекциянын аймактагы башкармалыктарынын инспекторлору орун алмашып, тажрыйбаларын ишинен көрсөтүү зарылчылыгы бар экендиги айтылды. Эгерде ишинен натыйжа чыгара албаса, анда сырттан мыкты адистерди тартуу муктаждыгы жаралышы мүмкүн. Андыктан инспекторлор өз ишин дыкат жана так аткарып, мамлекетке пайда алып келүүсү абзел экендиги баса белгиленди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!