​Жалал-Абадда CASA-1000 долбоору талкууланды

29-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 11:15

Дүйнөлүк банктын демилгеси менен долбоорлонуп, эми ишке ашырылып жаткан, Борбор Азиянын энергетикалык мүмкүндүктөрүн Афганистан менен Пакистанга пайдаланууну көздөгөн CASA-1000 долбоору Жалал-Абад шаарынын коомчулугу тарабынан талкууга алынды. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Шаар коомчулугуна бул долбоордун алкагында шаар аймагынан 500 кВ чыңалуудагы электр линиялары өтө тургандыгы жана анын экологияга, коомчулукка тийгизге турган таасири тууралуу алдын ала иликтөөлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө кеңрири түшүнүк берилди. ARISтин Жалал-Абад шаары боюнча эксперти Акимбай Тешебаевдин айтымында, электр берүү линияларынын жалпы узундугу 452 чакырымды түзүп, ал Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынан өткөрүлөт жана Тажикстанга чейин созулат. Аталган үч областтын аймагындагы 37 айылды аралап, электр линиялары Тажикстан Афганистанга кетет. Ошентип, Кыргызстандын электр энергиясы экспорттолмокчу. Долбоорду Дүйнөлүк Банк, Ислам өнүктүрүү банкы, АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) каржылап, аталган үч областка 12 миллион доллар акча бөлүнүп берилет.

Коомчулукка бөлүнгөн каражат 3 багытта колдонула турганы айтылды. Биринчи жылы жылы айылдарда электр жабдыктарын камсыздоо, жолдорду жарыктандыруу иштерине, экинчи жылы социалдык объектер: мектеп, бала-бача, фельдшердик-акушердик пункттарды курууга, ал эми үчүнчү жылы жеке ишкерлерди колдоо үчүн кичи жана орто бизнести колдоо долбоолоруна жумшалат. Бул 4 жылдык долбоор болуп, каражат кайтарымсыз грант түрүндө берилет.

Белгилей кетсек, CASA-1000 долбоору тутуралуу талкуулар буга чейин Ош шаарында өткөрүлгөн. Эми Баткен областынын коомчулугу менен ушундай талкуулар уюштурулуп, июль айларынан тарта айыл жерлеринде эл менен жолугушуулар, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!