Кыргызстан "Нукуралык" номинациясын алды

29-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 12:11

Түркияда өткөрүлгөн эл аралык туристтик көргөзсмөсүндө кыргызстандык стенд "Нукуралык" номинациясын жеңип алды. Бул тууралуу USAID уюмунан билдиришти.

Иш-чарага USAIDтин бизнести өнүктүрүү демилгеси 8 туроператордун катышуусун колдоп берди. Атай кетсек көргөзмөгө Кербен Трэвел, Трэвел Лэнд, Табият Тур, САТ, Барс Интернационал, Трэвел Хаб, Логос Дискавери жана Баткен Трэвел Сервис аттуу туроператорлор катышууда.

Эстерте кетсек, 25-28-январь күндөрүндө Стамбулда өтүп жаткан EMITT аттуу Түркиянын эң ири туристтик көргөзмөсүндө USAID BGI Кыргыздын боз үйүн тигип, улуттук кийим кийген кыздарыбыз комуз чертип, клеген конокторго кымыз жана боорсоктун даамын таттырууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!