Бишкек ТЭЦте дагы бир авария катталды

29-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 12:32

Бишкек жылуулук борборунда диаметри 60 миллиметр болгон түтүк жарылып кетти. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Андагы маалыматка караганда, Бишкек ТЭЦинде №24 кошумча агрегатты күйгүзүү учурунда түтүк жарылып кеткен. Түтүктүн жарылып кетишине 20 градустук суук себеп болгон. Учурда адистер жарылган жерди калыбына келтирип жатышат.

Ошондой эле ушул тапта кошумча №23 агрегатты күйгүзүлгөнү жатканы жана жүгүртүүдөгү суунун жылуулугу 50-60 градустун тегерегинде экени айтылат.

Эскерте кетсек, 26-январда саат 18.00дө “Электр станциялары” ишканасы Бишкек ТЭЦтин айрым жабдыктары убактылуу иштен чыккандыктан электр кубаттуулугун 350дөн 154 мегаваттка чейин төмөндөткөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!