​Суукта газды керектөө 40 пайызга өстү

29-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 17:48

Акыркы үч күндүн аралыгында Чүй облусу менен Бишкек шаарында жаратылыш газын керектөө 40 пайызга өстү. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда “Газпром Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коомунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 26-январдан 29-январга чейин ар бир суткалык керектөө 1,7 млн куб метр көлөмдү түзгөн. Бул пайыздык катыш менен алганда орточо көрсөткүчтөн 50 пайыздан жогору. Бирок, акыркы үч күндө авариялык кырдаал катталган эмес. Учурда калкты газ менен камсыздоо иши штаттык режимде жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле аталган ишкана билдиргендей, суук күндөрү газ колдонуп бөлмөнү жылытууга болбойт. Бул жакын турган ашкана эмеректеринде өрт чыгууга алып келиши ыктымал. Ал эми газды көпкө күйгүзүүдө көмүр кычкыл газы бөлүнүп чыгып, ууландырышы мүмкүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!