​Сапар Исаков бишкектиктерден кечирим сурады

30-Янв. 2018, Шейшемби, 10:16

Премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ТЭЦинде түзүлгөн кырдаал боюнча Бишкек шаарынын тургундарына кайрылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

"Учурдагы кырдаалга байланыштуу Бишкек шаарындагы абалдын оордугун жана ушул күндөрү шаар тургундарынын башынан өткөрүп жаткан кыйынчылыктарды жакшы түшүнүп турам.

Өкмөт башчысы катары түзүлгөн кырдаал үчүн баарыңыздардан кечирим сурайм жана актангым келбейт. Абал катуу иликтөөгө алынат. Бардык күнөөлүү кызматкерлер ээлеген кызматына карабастан жазаланышат.

Бүгүнкү күндө шаар тургундары үйлөрүн жылытууда электр энергиясын өтө көп керектеп жатышат. Ошонун натыйжасында Бишкек жылуулук тармагына күч келип, анын иши үзгүлтүккө учурады.

Тагыраак айтканда, Бишкек ТЭЦинде эски буу казандары иштен чыкты. Мунун себептерин иликтөө иштери укук коргоо органдарына тапшырылды.

Бишкек жылуулук борбору өз убагында модернизациялагандыгы үчүн бүгүнкү күндө тез аранын ичинде учурдагы абалды жөнгө салууга жетиштик. Эгерде Бишкек ТЭЦинде реконструкцияларды жүргүзбөгөндө мындай суукта шаар ичиндеги бардык суу түтүктөрү толугу менен жарылып, иштен чыкмак. Анын кесепетинен шаардын инфраструктурасы жабыркап, масштабдуу зыяндарга учурамакпыз. Албетте, өлкөбүздүн экономикасына да чоң күч келмек”,- деп жазылат өкмөт башчынын кайрылуусунда.

Ошондой эле ал чындыгында түзүлгөн кырдаал бул тармактагы көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды. Жалпы энергетикалык сектор реформага, кошумча инвестицияларды тартууга, кабыл алынган чечимдердин ачык-айкындыгын жогорулатууга муктаждыктын бар экендигин дагы бир ирет көрсөттү деп баса белгилеп кетти.

Өкмөт бул ишке – артыкчылык катары катуу көңүл бурат. Биз бул секторду реформалоо үчүн болгон күч-аракетибизди жумшайбыз.Учурда бардык мамлекеттик органдар штаттык режимде иштеп баштады. Шаарды жылуулук менен камсыздоо тутумун тез арада калыбына келтирүү үчүн күчөтүлгөн тартипте иштер жүрүп жатат”,- деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары премьер-министри Сапар Исаков калаа тургундарынын сабырдуулугу үчүн ыраазычылыгын билдирип кеткен кайрылуусунда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!