​Өкмөт башчы үйлөргө жылуулук берилерин айтты

30-Янв. 2018, Шейшемби, 11:32

Бишкекте жылуулук толугу менен калыбына келтирилет. Бул тууралуу “Ачык өкмөт” программасы боюнча өтүп жаткан конференцияда өкмөт башчы Сапар Исаков билдирди.

Анын айтымына караганда, бүгүн, саат 16:00гө чейин жакын үйлөргө жылуулук берилип, абал толугу менен калыбына келтирилет.

“ЖЭБде болгон көрүнүш өкмөт үчүн чоң сабак болду. Бул Кыргызстан өлкөнүн энергетика системасынын үстүндө иштеши керек дегенди түшүндүрөт”,-деди Исаков.

Исаков билдиргендей, бул маселени түп тамырынан бери чечүү үчүн өлкө чечкиндүү кадамдарга барышы керек.

“Ошондой эле Бишкек ЖЭБдеги авария эмнеден улам келип чыкканын териштирип чыгуу үчүн Башкы прокуратура тарабынан иштер аткарылып жатат. Анын жыйынтыгына жараша чара көрүлөт”,-деп кошумчалады өкмөт башчысы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!