Президент чек арадагы кырдаал боюнча маалымат алды

30-Янв. 2018, Шейшемби, 18:01

Бүгүн, 30-январда президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин аппаратынан билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө президент өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы жалпы кырдаал, ошондой эле мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат алды.

Уларбек Шаршеев мамлекеттик чек арадагы өткөрмө пункттарды реконструкциялоо жана модернизациялоо иштеринин жүрүшү жөнүндө баяндап берди.

Мамлекет башчысы ведомство жетекчилигинин алдына чек арачыларды социалдык жактан коргоону жакшыртуу боюнча ишти улантуу, ошондой эле аракеттерди чек ара кызматы системасындагы коррупцияга каршы күрөшүүгө топтоо милдетин койду.

Сооронбай Жээнбеков МЧКга чек арачылар бөлүктөрүнүн аскердик даярдыгын жакшыртуу боюнча да бир катар тапшырмаларды берди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!