​«Ак Илбирске» билдирме кабыл алуу башталды

30-Янв. 2018, Шейшемби, 18:07

Жыл сайын өтүүчү “Ак Илбирс” улуттук кино сыйлыгына билдирмелерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, билдирмелерди кабыл алуу 1-мартка чейин уланып, 27-апрелде “Манас” кино театрында жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат.

“Ак Илбирс” кино сыйлык 2012-жылы Кыргызстанда уюштурулуп, өлкөнүн кинематография тармагын өнүктүрүүгө салым кошкон, бул тармакка ийгилик жараткан мыкты кинематографисттерге 18 номинация боюнча сыйлык тапшырылат.

Кино сыйлык КР кинематографисттер союзунун, “Айтыш” коомдук фондунун, КРнын Кинематографисттер департаментинин жана КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин көмөгүндө өткөрүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!