Өкмөт башчы жооптууларды иштен алууну тапшырды

31-Янв. 2018, Шаршемби, 10:14

Премьер-министр Сапар Исаков кечээ, 30-январда, «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ачык акционердик коомуна «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун башкы директорунун биринчи орун басары Бердибек Боркоевдин жана Бишкек шаарынын ЖЭБинин директору Өмүркул уулу Нурландын ээлеген кызматтарына дал келүүсү боюнча маселени карап чыгуусун сунуштоо чечимин кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдирди.

Сапар Исаков биринчи кезектеги чечим катары «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК жетекчилигине «Электр станциялары» ААКтын жогоруда көрсөтүлгөн жетекчилерин ээлеген кызматынан бошотуу маселесин бекитилген тартипте карап чыгууну тапшырды.

Мындан тышкары, Бишкек шаарын жылуулук менен камсыздоону калыбына келтирүү боюнча ыкчам штабдын демилгеси боюнча, 26-январдан тарта Бишкек шаарынын керектөөчүлөрүнө жылуулук энергиясынын берилишинин үзгүлтүккө учурашынын себептерин аныктоо боюнча ведомство аралык комиссияны түзүү чечими кабыл алынды. Анын курамына Жогорку Кеңештин депутаттарын, тийиштүү мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн, энергетика тармагындагы адистерди жана көзкарандысыз эксперттерди киргизүү сунушталды.

Премьер-министр белгилегендей, аталган кадам биринчи кезектеги чечим болуп саналат. Өз милдеттерине шалаакы мамиле кылуусунун натыйжасында Бишкек шаардык ЖЭБ ишиндеги бузулуулар орун алгандыгына күнөөлүү жактарды жазалоо боюнча кийинки аракеттер ведомство аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча кабыл алынат

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!