ТЭЦти мэрияга өткөрүүнү сунушташты

31-Янв. 2018, Шаршемби, 14:41

Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин жыйында “Бир Бол” фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров ЖЭБ шаардын карамагында болушу керектигин айтты.

"Сизге чейинки, сизден кийинки өкмөт башчылары деле күз, кышка карата даярдык өткөргөндө бир вазыйпасы бар. Биз даярбызбы же даяр эмеспизби? деп сурайт. Ошонун алдында шаар башчысы, Энергохолдингдин чоңу өтүкчөн ошол насостун бардыгын текшерип чыгып, анан сизге даярдыгын айтат. Мына мен билем буга чейин Аскар Шадиев эки жолу 6,5 сааттан күз, кышка катарата даярдык боюнча жыйын өткөргөндө баары даярбыз деген. Демек булар калп айтышкан. Сизге калп айтышкандыгы үчүн чара көрүшүңүз керек. Экинчи мындай команда менен кантип иштешесиз. Бул жеке премьер-министрдин иши эмесда. Анткени, ошол насосту ачып алып карайтурган иш эмес да", - деди Жапаров.

"Ошондой эле сиздин мойнуңузга туш болгон экен, биринчиси ЖЭБдеги модернизацияны аягына чыгарыңыз. Экинчиси, ЖЭБ бул шаардыкы, шаардын карамагына бериңиз", - деп кошумчалады ал.

Ал эми депутат Алмаз Батырбековда Жапаровдун сөзүн кубаттап, ал өкмөт башчыга Бишкек ТЭЦти мэриянын карамагына берүүнү карап көрүүнү өтүндү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!