Кыргызстанда 11 миңден ашык кытай жараны эмгектенет

31-Янв. 2018, Шаршемби, 16:42

Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев Кыргызстанда эмгектенип иштөө үчүн чет элдиктерге берилген квотанын 70 пайызы Кытай жарандарына берилгендигин билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда иштеп эмгектенүүгө бөлүнгөн 14 миң орундун 11 миңден ашыгы Кытай жарандарына берилген.

“Учурда бул боюнча мыйзам сунуштап жатабыз. Ага ылайык, чет элдик мигранттарга карата төлөм киргизилет жана өлкөдөгү мекемелерде иштеген кызматкерлердин 80 пайыздан ашыгы кыргыз жарандары болушу керек. Бул өлкөдөгү жумушсуздук маселесин чечүүгө багытталат”, - деди Айдаралиев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!