Рекультивациядан ипотекалык насыялоого

1-Фев. 2018, Бейшемби, 11:54

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеӊештин жыйынында депутат Экмат Байбакпаев «Кумтөр» алтын кенинин Рекультивация фондунда топтолгон каражатты ипотекалык насыялоого буруу жагын карап көрүү керектигин айтты.

Анын айтымына караганда, мындан ары аталган фондго топтолгон каражат Улуу Британиянын эмес, Кыргызстандын банкында сакталат.

«Азыр ипотекалык насыялоонун 8-10 пайыздык ченеми оор болууда. Ошондуктан бул фонддогу каражатты ипотекалык насыялоого буруу жагын караштырып көрүү керек. Насыянын кайтарым жолу бар», - дейт Байбакпаев.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!