Ат-Башыда калың кардан үйдүн чатырлары сынууда

13-Март 2017, Дүйшөмбү

Ат-Башыда калың кардан улам үйдүн чатырлары сынууда. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында 12-мартка караган түнү тынбай жааган кардын кесепетинен Чеч-Дөбө көчөсүнүн №273 жана Абыкеев көчөсүнүн №213 үйүнүн чатырлары кардын салмагын көтөрө албай сынып кеткен.

Учурда райондун Жарандык коргонуу комиссиясы аталган үйлөрдө иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!