Кайсыл депутаттар коомдук транспортто жүрүшөт?

1-Фев. 2018, Бейшемби, 13:43

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу кайсы депутаттар коомдук транспорт менен жүрө турганын фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

«Жогорку Кеңеште иштегениме эки жыл болуп калды. Ушул учурда бир катар депутаттардын коомдук транспорт менен жумушка келгенин байкап жүрөм. Алардын айрымдарынын гана ысымын атап өтсөм: Карамат Орозова, Евгения Строкова, Аида Касымалиева, Альфия Самигулина такай троллейбус, машруткаларда жүрүшөт. Айрыкча Карамат Орозова эженин машруткадагы окуялары өзүнчө эле анекдот. Төрагалык кызматка келгенге чейин Дастанбек Жумабеков дагы маал-маалы менен коомдук транспортто жүргөнүн, Ош базардан азык-түлүктү арзаныраак баада сатып алууну эп көрөөрүн өзү мага айткан Бул эл өкүлдөрү коомдук транспортто жүргөнүнө сыймыктанат деп ишендирип кете алам »,- деп жазган билдирүүсүндө.

«Ошондой эле эгер кесиптештерим бул темага кызыкса аталган депутаттардан коомдук транспорт тууралуу интервью алса да болот. Сиздерге Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы көмөктөшүүгө даяр»,- деп кошумчалаган ал.

Эсекерте кетсек, бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев кээ бир депутаттар маршруткадан түшүп бери жөө басып келе жатканда уялып, шапкесин ылдый басып, көрүнбөй машина менен Ак Үйгө кирип жатканын айткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!