Парламент өкмөттүн ишин жакшы баалаган жок

1-Фев. 2018, Бейшемби, 15:42

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеӊеште “Бишкек ТЭЦдеги авария жөнүндө” токтом кабыл алынды. Ага ылайык, Өкмөттүн күз-кыш мезгилине карата даярдыгы канааттандырарлык эмес деп табылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаевдин айтымында, токтомдун долбооруна 8 депутаттан кошумча сунуш келип түшкөн.

Жогорку Кеӊештин бул токтому аркылуу Өкмөткө Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин аныктоо, анын кесепеттерин жоюу, экономикалык чыгымдын көлөмүн аныктоо, айрым кызмат адамдарынын аракетине юридикалык баа берүү боюнча сунуштамалар менен тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, кечээ премьер-министр баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда өткөн жыйында авариянын себептери, анын кесепеттерин жоюу жаатында көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маселе талкууланып, “Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги авария жөнүндө” токтом негиз катары кабыл алынган болчу. Азыр ал депутаттардын бир катар кошумча сунуштары менен толукталды.

Андан тышкары, өткөн жыйында Бишкек шаарынын ЖЭБинде түзүлгөн абалды комплекстүү иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Ал белгиленген мөөнөттө депутаттарды өзүнүн иликтөө жыйынтыгы менен тааныштырууга тийиш.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!