Рахмон президент Жээнбековду салтанаттуу кабыл алды

1-Фев. 2018, Бейшемби, 17:06

Бүгүн, 1-февралда президент Сооронбай Жээнбековдун Тажикстанга жасаган расмий визитинин алкагында, Душанбе шаарынын Улуттар ак сарайында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен расмий жолугушуу аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Флагштокто Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын мамлекеттик желектери көтөрүлгөн, Ардактуу кароол тизилип, эки өлкөнүн гимндери жаңырды.

Эки президенттин расмий жолугушуу аземинен, Ардактуу кароол менен учурашуудан, эки өлкөнүн делегацияларын тааныштырып, Ардактуу кароолдун ротасы салтанаттуу марш менен өткөндөн кийин Мамлекет башчылары тар курамда сүйлөшүүлөр өткөрүлчү залга бет алышты.

Андан соң сүйлөшүүлөр кеңири курамда өткөрүлөт.

Эскертке кетсек, бүгүн, 1-февралда президент Сооронбай Жээнбеков расмий сапар менен Тажикстанга барган. Аны аба майданынан Тажикстандын премьер-министри Расулзода Кохир тосуп алган. Андан соң Жээнбеков Тажикстандын Улуттук биримдик жана кайра жаралуу комплексинде болуп, тажик мамлекетинин негиздөөчүсү Исмоил Сомонинин эстелигине гүл койгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!