"Түнкү кырсык" тасмасына 10 миң евро берилди

1-Фев. 2018, Бейшемби, 18:39

Режиссер Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” тасмасынын таллиндик Гран-приси Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу кино таануучу Гүлбара Төлөмүшова билдирди.

Айта кетсек, өткөн жылдын декабрында кыргыз режиссеру Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” тасмасы Таллинде “Караңгы түндөр” эл аралык кинофестивалында баш байгени алган.

Кинофестивалга 18 тасма катышып, баш байге жана 10 миң евро акчалай сыйлыгын кыргыз режиссеру Темир Бирназаров “Түнкү кырсык” тасмасы үчүн алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!