Жээнбеков Рахмонду Кыргызстанга чакырды

2-Фев. 2018, Жума, 10:40

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 1-февралда Тажикстан Республикасына барган расмий визитинин алкагындагы сүйлөшүүлөрдө Президент Эмомали Рахмонду Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Эки мамлекет башчылары катышкан кеңири курамдагы жолугушууда Кыргызстан менен Тажикстан эл аралык мамилелерде негизги маселелер боюнча бирдей көз карашта экени айтылды. Ошондой эле, кошуна өлкөлөр БУУ, КМШ, ЖККУ жана ШКУ алкагында эл аралык жана аймактык уюмдарда тыгыз кызматташып келээри белгиленди.

Жээбеков 2018-жылы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине төрагалык ыйгарылган Тажикстанга зор ийгиликтерди каалады. Ошондой эле, сүйлөшүүлөрдүн соңунда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Эмомали Рахмонго ыраазылык билдирди.

Эскертке кетсек, кечээ,1-февралда Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча Душанбеге расмий визит менен барган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!