Медреселерде кесипке үйрөткөн долбоор башталды

2-Фев. 2018, Жума, 11:59

2018-жылдын январь айынанбаштап АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин финансылык колдоосу менен Кыргызстандын бардык облустарында «Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу» долбоору өз ишин баштады. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Долбоорду «АВЕП» коомдук фонду, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы менен өнөктөштүктө ишке ашырмакчы.

Долбоордун максаты–азыркы коомдо көбүрөөк суроо-талапты пайда кылып жаткан кесиптик жана жашоо-турмушка керектүү болгон шык-жөндөмдөргө окутуп-үйрөтүүнүн натыйжасында медресе окуучуларына кесиптик жана жеке инсандык өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн сунуштоо.

«Медреселерде окуган жаштар ушул долбоордун алкагында кесип ээлери болушса, окууну бүткөндөн кийин өз алдынча иштеп кетүүгө бирден бир себеп болот деп ишенебиз. Долбоор 2014-жылы Чүй облусунда пилоттук негизде башталып, ийгиликтүү натыйжаларга жетише алгандыгына байланыштуу үстүбүздөгү жылдан тартып Кыргызстандын бардык облустарына жайылтылмак болду», - деп белгилейт«АВЕП» коомдук фондунун директору Нурлан Токонов.

«Долбоор Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана башка өнөктөштөр менен биргеликте ишке ашырылат. Долбоор окуучуларыбыздын кесип ээлери болушуна жана өз кирешелерин жогорулатууга чоң өбөлгө болот», - деп кошумчалады Муфтияттын окуу бөлүмүнүн жетекчиси Акимжан Эргешов.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!