Сапар Исаков Медведев менен жолугат

2-Фев. 2018, Жума, 12:15

Премьер-министр Сапар Исаков Казакстандын Алмата шаарында ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын алкагында Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө.

Эки өлкөнүн премьер-министрлеринин жолугушуусунда кайсы маселелер каралаары азырынча белгисиз.

Эскерте кетсек, бүгүн, 2-февралда өкмөт башчы Сапар Исаков аталган биримдиктин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Алматага барган. Ал эми бул саммитке Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев төрагалык кылат. Жыйында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары интеграциялык бирикмелердин өнүгүшү жана нормативдик-укуктук базаны жакшыртуу маселелерин талкуулашып, бир катар макулдашууларга кол коюлат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!