"Ала-Арча" суусуна күнү-түнү байкоо жүргүзүлүүдө

2-Фев. 2018, Жума, 12:37

"Ала-Арча" суусуна күнү-түнү мониторинг жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын, Ленин райондук администрациясынын, ӨКМнын Бишкек шаардык башкармалыгынын жана тиешелүү кызматтардын кызматкерлеринин күчү менен «Ала-Арча» суусундагы муздарды тазалоо иштери азыркыга чейин улантылууда.

"Канча күндөн бери күнү-түнү биздин кызматкерлер тынымсыз иштеп, суу каптап кетүү коркунучун алдын алуу, жээктерди бекемдөө иштерин аткарышып, тынымсыз мониторинг жүргүзүп жатышат",-деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!