Кыргызстандыктар 220 миң рублди кайтарышты (видео)

2-Фев. 2018, Жума, 15:03

Москвада кыргыз жарандары көп суммада рубль таап алып, аны ээсине кайтарып берип жаткан видео интернетке тарады.

Тасмада көрүнүп тургандай, аталган шаардагы Сбербанктын жанынан кыргызстандыктар 220 миң рубль жана Вадим Александровичке таандык документерди таап алып, аны ээсине кайтарып бергенин жана ээси аларга сүйүнчү катары 10 миң рубль берип жатканын көрүүгө болот.

Учурда соцтармактардын колдонуучулары бул видео тууралуу жакшы пикирлерин билдиришип, аталган жигиттер эң туура иш кылган деген пикирлерин жазышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!