Жергиликтүү соттордун судьялары дайындалды

3-Фев. 2018, Ишемби, 12:56

Судьяларды тандоо кеңеши президент Сооронбай Жээнбековго Чүй облустук сотунун судьясынын кызмат ордуна дайындоого 8 талапкерди сунуштаган. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-январда мамлекет башчысы талапкерлер менен аңгемелешүү өткөргөн. Аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын, кошумча берилген материалдарды эске алуу менен, президент Чүй облустук сотунун судьясынын кызмат ордуна 6 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунушуна макул болгон.

Талапкерлер тууралуу түрдүү мамлекеттик органдардан талап кылынган кошумча материалдарды изилдеп чыгып, Мамлекет башчысы жогоруда аталган соттун судьялыгына 2 талапкер боюнча материалдарды Судьяларды тандоо кеңешине кайтарып берди.

Президент жергиликтүү соттордун судьяларына талапкерлер жана Чүй облусунун сотунун иштеп жаткан айрым судьялары боюнча жарлыктарга кол койду.

Биринчи жарлык менен Судьяларды тандоо кеңешинин сунушу менен ыйгарым укуктарын аткаруу мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу 2018-жылдын 23-январынан тартып Чүй облустук сотунун 11 судьясынын ыйгарым укуктары токтотулду.

Экинчи жарлыкка ылайык Азамат Джумагулов, Кыдык Джунушпаев, Гульназ Кадырова, Дамирбек Онолбеков, Улан Садырбеков, Асель Чекирова жергиликтүү соттордун судьялары болуп дайындалды.

Үчүнчү жарлык менен дайындалган судьялар Чүй облустук сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!