ТЭЦти мурдагы директору кайрадан жетектейт

3-Фев. 2018, Ишемби, 16:10

Бишкек ТЭЦинин жетекчиси болуп кайрадан мурдагы директору дайындалды. Бул тууралуу «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Андрей Воропаев 26 жылдан бери энергетика тармагында иштеп келет. Аталган ЖЭБди 2013-2017-жылдары башкарган. Ал эми буга чейин Воропаев ЖЭБдин башкы инженеринин орун басары болуп келген.

Эскертек кетсек, 26-январда Бишкек шаарындагы ТЭЦтеги түзүлгөн кырдаалдан улам премьер-министр Сапар Исаков 30-январда «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ачык акционердик коомуна «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун башкы директорунун биринчи орун басары Бердибек Боркоевдин жана Бишкек шаарынын ЖЭБинин директору Өмүркул уулу Нурланды кызматтынан бошотууну тапшырган. Бишкек жылуулук электр борборунун жетекчиси 2-февралда жумуштан алынган. Анын милдетин убактылуу башкы инженер Таалай Бектенов аткарып жаткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!