Уурдалган китептер толукталды

6-Фев. 2018, Шейшемби, 09:53

Жалал-Абад шаарындагы Токтогул эс алуу багында көчө китепканасы үчүнчү жолу ачылды. Эми мурда уурдалган китептер экинчи жолу калыбына келтирилип, көчө китепканасынан орун алат. Бул тууралуу Оштогу “Инсан таануу” коомдук бирикмесинин активисттери билдиришти.

Эскерте кетсек, Жалал-Абадда 2016-жылдын сентябрь айында биринчи ирет көчө китепканасы ачылган, аны Ош шаарынан келген “Инсан таануу” коомдук бирикмеси уюштурган. Буга чейин мындай китепканалар Кыргызстанда биринчи жолу Ошто, андан соң Бишкекте ачылган эле.

Көчө китепканасы – бул эс алуу багында орнотулган китеп шкафчасы. Андагы китептер коомдук пайдаланууга коюлган, окурмандар китептерди эс алуу багынын аймагында гана окууга тийиш. Калоочулар китеп текчесин башка китептер менен толукташса да болот. Аталган саамалык жаштардын эс алуу жайларында убактыларын пайдалуураак өткөрүү, китепти сүйүүгө чакырык катары окуп ишке ашырылып келет.

Деген менен, мурда ачылган көчө китепканасынан кыска убакыттын ичинде шкафта турган 100 китеп уурдалып кеткен. Шаардын активист жаштары экинчи ирет демилге көтөрүп, шкафты кайрадан китептерге толтурушкан жана жана китептер коомдук пайдалануу үчүн дагы бир ирет жар салышкан. Бирок, бул аракет майнабын бербей, кайрадан эле китептер жоголуп кеткен. “Инсан таануу” коомдук бирикмеси көчө китепканасын үчүнчү ирет китептер менен толуктап кетти. Бирок, бул китептер канча убакытка чейин турары белгисиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!