Ош базарындагы өрттүн чыгымы такталат

6-Фев. 2018, Шейшемби, 13:00

Кечээ, 5-февралда вице-премьер-министр Санжар Муканбетовдун төрагалыгы астында “Ош базар” соода комплексинин аймагында болгон өрттүн кесепетинен келген чыгымдын өлчөмүн баалоо боюнча комиссиянын кеңешмеси өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Маалыматка караганда, олугушуунун жыйынтыгында жабыркаган ишкерлердин бардык зарыл документтерин чогултуу маселесин иштеп чыгуу чечими кабыл алынды. Ошондой эле жабыркаган субьектилерди колдоо боюнча кошумча механизмдерди иштеп чыгуу маселеси талкууланды.

Борбордун Ленин райондук администрациясына ишкер субъектилеринин документтерин чогултууну уюштуруу тапшырылды. Мындан тышкары тийиштүү мамлекеттик органдарга калыбына келтирүү иштерин баштоо үчүн корутунду берүүнү тездетүүсү тапшырмасы берилди.

Комиссияга үстүбүздөгү жылдын 1-мартына дейре ишкер субъектилерине келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо жана аныктоо, ошондой эле “Ош базары” соода комплексинин аймагындагы өрттүн кесепетинен жабыркаган ишкер субъектилеринин тизмесин бекитүү милдети тагылды.

Эскерте кетсек, 30-январда Бишкектеги Ош базарында өрт чыгып, андагы «Сейтек» жана «Берекет плюс» кичи базарындагы жалпы 118 соода орундары күйүп кеткен

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!